Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:13

Өкмөт 14 миң тонна буудай сатып алды


Кыргыз өкмөтү дыйкандардан мамлекеттик материалдык резерв фондуна 14 миң тонна буудай сатып алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарланды. Маалыматка ылайык, быйыл азык-түлүк коопсуздугун сактоо үчүн 20 миң тонна буудай сатып алуу каралган. Сатып алынуучу буудай баасы 13 сомдон деп бекитилди. Учурда жергиликтүү дыйкандардан 14 миң тоннасы сатып алынып, кампаларга жыйналды

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылы буудай түшүмдүү болуп, 800 миң тоннага жакын буудай жыйналды. Бул ички керектөөнү толугу менен канааттандырып, сырттан буудай сатып алынбайт. Буга чейин Кыргызстан Орусия жана Казакстандан буудай сатып алчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG