Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Саруулуктар сурак берүүдөн баш тартышууда


Кечээ Саруу айылындагы нааразычылыкка чыккандар менен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин ортосунда сүйлөшүү болуп өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, акыркы убакта катталган мыйзам бузуулар боюнча козголгон кылмыш иштерине Саруу айылынын айрым тургундары сурак берүүгө тийиш. Саруулуктар болсо сурак берүүдөн баш тартпаганын билдирип, учурда бул боюнча ич ара сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын “Азаттыкка” билдиришти. Кумтөр алтын кенин улутташтыруу боюнча нааразычылык акциясынын лидерлеринин бири Абай Узаковдун айтуусунда, аларга карата даярдалып жаткан “Атайын операция” тууралуу маалымат тастыкталган.

Ысык-Көл ИИБнын жетекчилиги эч кандай күч колдонуу жана башка иш-аракеттер болбой турганын белгилөөдө. (MK/ZKo)

XS
SM
MD
LG