Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:06

Адам укугу күч кызматкерлери тарабынан көп бузулууда


Соңку жылдары Кыргызстанда адам укугун коргоо жаатында бир катар долбоорлор ишке ашып жатканы менен күч кызматкерлери тарабынан жарандардын укугунун бузулушу көп катталууда. Бул тууралуу адам укугунун жалпы декларациясынын 65 жылдыгына карата өткөн иш-чарада акыйкатчы Бакыт Аманбаев билдирди. Акыйкатчынын белгилөөсү боюнча милиция, прокуратура жана улуттук коопсуздук кызматкерлери тарабынан кыйноолор тууралуу арыз-даттануулар арбын түшүп жатат.

Бул маалыматты Президенттик аппараттын Адам укуктары боюнча өкүлү Мира Карыбаева да өз сөзүндө тастыктап, мындай жат көрүнүштөргө каршы күрөш жүрүп жатканын кошумчалады.

10-декабрь адам укугун коргоонун эл аралык күнү. Буга карата бүгүн Бишкекте бир катар иш-чаралар болуп өттү. (ZKo/SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG