Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:26

Майып балдардын энелерине акы төлөө талабы көтөрүлүүдө


Бул тууралуу майып балдардын ата-энелери тарабынан түзүлгөн АРДИ уюмунун жетекчиси Тамара Жумабекова “Азаттыкка” билдирди. Жумабекова жыл сайын Кыргызстанда майыптар күнүн белгилөөгө көп акча бөлүнгөнү менен, майыптардын жашоосу жакшырып кетпегенин белгилеп, андан көрө майып балдарды өмүр бою багып жашаган энелерге эмгек акы төлөнсө жакшы болмок деп эсептейт.
Майып балдардын ата-энелери тарабынан түзүлгөн уюм буга чейин да мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар энелерге мамлекет тарабынан акы төлөө маселесин көтөрүп келген. Каржы министрлиги казынада акчанын жоктугун айтып, буга каршы чыккан.

Майып балдарын карап, иштебей отурган ата-энелердин жөлөк пулун көбөйтүү маселесин 10-декабрда ЖК депутаты Дамира Ниязалиева да каржы министри Ольга Лаврованын катышуусу менен өтүп жаткан жыйында көтөрдү. Депутат буга кошумча акча келерки жылдын бюджетинде сөзсүз бөлүнүүгө тийиш деп эсептейт. Анын айтуусунда? бул акча майып баласы бар ата-эненин өзүн бакканга эмес, кайра эле мүмкүнчүлүгү чектелүү баласынын дары-дармегине жана ооруканаларга жаткыруу үчүн жумшалат.

Социалдык жактан өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 150 миӊге жакын мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар. Анын ичинен 25 миӊин балдар түзөт. Майып балдарын баккан энелердин 80-90% жумушсуз.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG