“Саруу айылындагы митингчилердин “чукул кырдаал” киргизүүсү коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн жасалган аракет, мыйзамдык күчү жок. Алар жалпы айыл тургундарынын кайсы маалда кайда басуусун көзөмөлдөөгө укугу жок” деп жазылат Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тараткан билдирүүдө.
Анда айылга “чукул кырдаал” киргизүү – кылмыш жоопкерчилигинен качуу жана мурунку иштер боюнча көрсөтмө берүүгө каршылык иретинде жасалган аракет экени да белгиленген.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирүүнү “Азаттыкка” комментарийлеп, мыйзам бардык эл үчүн бирдей иштээрин эскертти.
Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундары Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен быйыл май айынан бери митинг уюштуруп келишет. 7-октябрда Каракол шаарында болгон митинг облустагы өкмөттүн өкүлүн автоунаага камап коюу менен коштолгон. Аягында митингди күч кызматы кууп таратып, 23 кишини камакка алган. Учурда алардын сегизи УКМКнын тергөө абагында. 7-октябрдан кийин митингдер Саруу айылында уланып келет, алардын талабына Каракол митингинде кармалып, камакка алынгандарды бошотуу кошулган.(ZKo)