Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:59

Украинадагы кризисти жөндөө аракети бүгүн башталат


Ал үчүн бүгүн Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштон Киевге эки күндүк визит менен келет. Саясый туңгуюктан чыгуунун жолдорун президент Янукович өлкөнүн экс-президенттери Леонид Кравчук, Леонид Кучма жана Виктор Ющенко менен талкуулайт. Янукович кечээ ошондой эле оппозиция менен сүйлөшүүнү колдоорун билдирген.

Бирок дүйшөмбү күнү полициянын оппозициядагы “Баткивьшина” партиясынын башкеңсесинен компьютерлерин жана башка жабдыктарын алып кеткени нааразылык жаратты. Полиция пикетчилердин Өкмөт үйүнүн жанындагы бир нече чакан конушун жыйнап кетти. Өткөн түнү полиция менен протестчилер арасында бир нече кагылыш болуп, үч-төрт демонстрант жараат алганы кабарланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG