Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Иран: Жаңы санкция келишимди "өлтүрөт"


Эгер АКШ Конгресси Иранга каршы жаңы санкция жарыялап, ал алты айдан соң күчүнө кирсе дагы Тегеран менен дүйнөнүн байдөөлөт өлкөлөрү ортосунда жетишилген келишимди жок кылат. Бул жөнүндө Ирандын тышкы иштер министри эскертти. Мухаммад Жавад Зариф АКШда чыкчу "Time" журналына берген интервьюда Тегеран “камоодо туруп сүйлөшпөсүн” деп билдирди. 24-ноябрда Женевада Иран жана алтылык ортосунда кол коюлган утурумдук келишим боюнча эл аралык экономикалык санкция жеңилдетилип, өз кезегинде Тегеран ядролук программасын убактылуу кыскартууга тийиш. Кээ бир америкалык конгрессмендер непада Иран келишимди бузса, жарым жылдан кийин жаңы санкция киргизүүнү сунуш этишүүдө. Ак Үй конгрессмендерди сүйлөшүүнүн натыйжасын күтүп, келечекте жаңы санкция киргизбөөгө чакырган.

XS
SM
MD
LG