Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Иоханнесбургда Манделанын тажиясы өтүүдө


Түштүк Африка Республикасынын борбордук стадионундагы иш-чарага 70тей өлкө лидерлери, анын ичинде АКШ президенти Барак Обама, Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон, Франциянын президенти Франсуа Олланд келишти. 2010-жылы дүйнөнүн футбол чемпионаты өткөн стадиондогу тажия нөшөрлөп төккөн жаандын коштоосунда башталды. Ага 100 миңдей адам катышат деп боолгонууда. Апартеидге каршы күрөштүн каарманы, Түштүк Африканын биринчи кара президенти Нелсон Мандела 5-декабрда 95 жашында дүйнө салган. Маркум 15-декабрда киндик каны тамган шаарында мамлекеттик шаан-шөкөттөр менен жерге берилет. “Мен стадионго “халала Мандела, тынч укта,” – деп айтканы баратам,"- дейт зыяпатка бараткан Лоусо Нхангвени деген аял.

XS
SM
MD
LG