Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:41

Чыгыш Антарктика Жердин эң суук точкасы


Жердеги эң төмөнкү температура 2010-жылы августта Чыгыш Антарктикада дөңсөөсүндө катталган. Дөңсөөнүн кырындагы абанын температурасы -93 градуска жеткенин Кар жана музду изилдөөнүн улуттук борборунун илимпозу Тед Скамбос(Ted Scambos) Американын геофизика союзунун 9-декабрда Сан-Францискодо болгон жыйынында жарыялады. Илимпоздор мындай ачылышты Жер бетиндеги акыркы 32 жылдагы температураны изилдөөнүн натыйжасында жасашты. Скамбостун айтышынча, температура термометр эмес, спутниктен аныкталгандыктан, Дүйнөлүк рекорддордун Гиннесс китебине кирбейт. Буга чейин эң суук температура - 89,2 градус 1983-жылы Чыгыш Антарктикадагы Орусиянын «Восток» илимий борбору тарабынан катталган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG