Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Сатыбалдиев: 50/50 өкмөттүн негизги варианты


Өкмөт башчы Жантөрө Cатыбалдиев “Азаттыкка” курган маегинде Кумтөр ишканасын 50/50% үлүштө иштетүү боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди. Премьер-министр парламент талап кылган Кыргызстандын үлүшүн 67% чейин көтөрүү талабы реалдуу эмес экенин мурда эле айтканын белгиледи. Ал ошондой эле 50/50 пайыздык келишимде да Кыргызстандын үлүшү 46% гана деген маалыматтагы 4% үлүш тууралуу сүйлөшүүлөр кийинчерээк болоорун айтып өттү.

- Өзбекстандан газ сатып алуу маселеси боюнча жакында сүйлөшүүлөр болот, өкмөт башчы көгүлтүр оттун баасын былтыркы бойдон калтырууга аракеттер көрүлөрүн маалымдады. “Газдан сырткары кыргыз-өзбек чек арасы жана башка чечилбеген маселелер боюнча кеңири сүйлөшүүлөр болот,- деп кошумчалады Жантөрө Сатыбалдиев.

Кыргыз өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Ташкенге жасаган сапары учурунда кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссия чакыруу маселеси көтөрүлгөн эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG