Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:26

Обама: Мандела өлкөнү адилеттикке баштаган тарыхый алп


Иоханнесбургдун борбордук стадионундагы коштошуу зыяпатына 70тей өлкөнүн лидерлери катышууда. 2010-жылы дүйнөнүн футбол чемпионаты өткөн стадиондогу жөрөлгөнү нөшөрлөп төккөн жаан коштоодо.

АКШ президенти Барак Обама зыйнатта сүйлөп, Нельсон Манделаны улутту адилеттикти көздөй жылдырган тарыхый алп деп атап: “Түштүк Африка элине, ар бир расадагы элге жана жашоонун бардык тармактарына салым кошкон Нельсон Манделаны биз менен бөлүшкөнүңүздөр үчүн дүйнө сиздерге алкыш айтат”, - деди.

Стадиондун алдында жергиликтүү эл аза ырын кошууда. Бүгүнкү зыйнатка 100 миңдей адам катышары кабарланды. Апартеидге каршы күрөштүн алтаны, Түштүк Африканын биринчи ынды кара президенти Нельсон Мандела 5-декабрда 95 жашында дүйнө салган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG