Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

Баткен: өз алдынча иштеген 18 шахта жабылды


Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Бакирдин Жолчуев билдирди. Анын айтымында, көмүр шахталарын облус бийлиги жана өкмөт алдындагы техника-экологиялык коопсуздук боюнча инспекция текшерген. Жыйынтыгында, коопсуздук эрежелери сакталбаган 18 көмүр шахтасы жабылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргызстан аймагында өз алдынча казылган бир нече көмүр шахталары бар. Анда коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан кырсыктар катталып, адам өмүрү кыйылган учурлар да болуп турат.(KE\BkA)

XS
SM
MD
LG