Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:17

Керри Иранга жаңы санкция киргизбөөнү өтүндү


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизбөө өтүнүчү менен Конгресске кайрылды.

Керринин жүйөөсүндө, жаңы санкциялар Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн. Мамлекеттик катчы Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин шейшембидеги жыйынында өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүгө убакыт берүү керек экенин айтып чыкты.

Буга чейин Иран жана дүйнөлүк 6 держава өзөктүк программа боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Батыш өлкөлөрү Иранга экономикалык санкция жеңилдетилип, өз кезегинде Тегеран ядролук программасын убактылуу кыскартууга тийиш. Бирок айрым америкалык конгрессмендер Иран келишимди бузса, жарым жылдан кийин жаңы санкция киргизүүнү сунуштап чыгышкан. Иран бийликтери жаңы санкция кире турган болсо, келишимдеги аткаруу үзгүлүктүккө учураарын эскерткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG