Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:38

ЖК депутаттары “Кыргызгаз” боюнча кайрылуу жасашты


Жогорку Кеңештин ар кайсы фракцияларынын мүчөлөрү “Кыргызгаз” ишканасы тууралуу бирдиктүү кайрылуу кабыл алышкан. Анда “Кыргызгазды” банкроттук абалга ким алып келди, эмне үчүн ишкана болгону 1 долларга чет мамлекеттик ишканага сатылып жатат, мына ушуну кеңири талкуулоо талап кылынган.

Депутат Улукбек Кочкоровдун парламентте билдиргени боюнча кайрылуу ээлери “Кыргызгаз” ишканасын Орусияга берген депутаттар кийин келечек муундун алдында жооп берип калбоо үчүн азыртан ойлонуп, кадам таштоо зарылчылыгы бар.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев "Кыргызгаз" ишканасы Эсеп палатасынын текшерүүсүнө алынып жатканын депутаттарга маалымдады.
Кайрылуу ээлери “Кыргызгаз” ишканасы жалпы элдик менчик экенин белгилеп, элдин байлыгын чет өлкөлүктөргө кармата берүүгө каршы чыгышууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG