Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Бакай-Ата: айыл аймагынын жетекчилигине кылмыш иши козголду


УКМКнын Коррупцияга каршы агенттиги тарабынан Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айыл аймагынын турак-жай коммуналдык чарба башчылыгынын ишинде коррупциялык фактылар аныкталган. Иликтөө учурунда аталган айыл аймагынын бухгалтердик отчетунда жолдорду оңдоо, эстеликтерди жана көчөлөрдү жарыктандыруу иштери жүргүзүлгөнү тууралуу жазылган, бирок иш жүзүндө ал аткарылган эмес.

Буга байланыштуу Талас облустук прокуратурасы тарабынан “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызматтык жасалмалуулук” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG