Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Бишкек шаарынын эки прокурору кызматынан алынды


Бишкек шаарынын прокурору Талант Кожонов менен Октябрь районунун прокурору Марат Бусурманкулов Башкы прокурордун 9-декабрдагы буйругу менен ээлгенен кызматтарынан алынды.

Башкы көзөмөл органынын өкүлү Санжар Абжаловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча экс-прокурорлор мындан ары прокуратура тармагында иштөө укугуна ээ эмес. Аларды кызматтан алууга Башкы прокуратуранын 6-ноябрдагы коллегиясынын чечими негиз берген. Анда Бишкек шаарындагы жер участокторун жеке жана юридикалык жактарга берүүдө, курулуштарды курууга уруксат берүүдө мыйзам бузууларга бөгөт койбогону үчүн Бишкек шаарынын жана Октябрь районунун прокурорлорунун жоопкерчилигин кароо чечими кабыл алынган.(ZKo)
XS
SM
MD
LG