Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Оторбаев: Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү


Депутаттардын алдында “Кыргызгаз” ишканасын Орусияга сатуу маселеси боюнча маалымат берип жатып, 1-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ишкананы орустарга сатуудан башка арга жок болчу деп билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү болгон Орусиянын “Газпром” ишканасынан башка реалдуу альтернатива жок. Ал "10-15 жыл ичинде газ тармагы ирденет, ал эми биз өзүбүз жалгыз бул тармакты өнүктүрө албайбыз" деген бүтүмүн айтты.

Оторбаевдин сөзүнө “Республика” фракциясынын мүчөсү Алтынбек Сулайманов каршы чыгып, "мамлекетти башкарып, тармактарды өнүктүрө албаган мамлекеттик бийлик, жетекчилик эмне кылып отурат" деген суроо берди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG