Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

Билим берүү министрлиги депутаттык топтун дооматын четке какты


Билим берүү министрлиги парламенттин коррупцияга каршы туруу комитетинин алдында түзүлгөн депутаттык жумушчу топтун окуу куралдарын сатып алуудагы коррупциялык иштер боюнча маалыматын негизсиз доомат деген билдирүү жасады.

Министрлик 2012-жылдын бюджетин бекитүүдө окуу куралдарын басып чыгарууга 100 миллион сомдун ордуна отуз миллиондун тегерегинде гана каражат бөлүнгөнүн белгилеген. Аталган министрликтин маалымат кызматы депутаттык жумушчу топтун баяндамасында келтирилген окуу куралдарын басып чыгаруудагы коррупциялык иштер тууралуу маалыматтар чындыкка коошпой турганын жарыялады.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева иликтөө материалдарына таянып, окуу куралдарын сатып алуудагы коррупциялык иш-аракеттер туурасында “Азаттыкка” билдирген. Анда окуу куралдарын басып чыгарууда тендерде жарыяланган суммадан ашыкча кийин төрт жарым миллион сом китеп басып чыгаруучу компанияларга кошумча которулган факты табылганы мисал келтирилген эле.(KJ/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG