Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Абактарда ВИЧ көп каттала баштады


2012-жылы Кыргызстандагы жаза аткаруу жайларында кармалып тургандардын арасынан ВИЧ илдет жуктуруу боюнча 60 учур катталган.

Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын медициналык-санитардык камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Чынара Тойчубекова бүгүн жаза аткаруу тармагын реформалоо боюнча өткөн тегерек үстөлдө билдирди. Анын айтуусунда, жаза аткаруучу жайга жиберилип жаткан ар бир адам медициналык кароодон өтөт, кургак учук жана ВИЧ инфекциясына текшерилет.

Тойчубекованын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү эркинен ажыратылгандардын арасынан 348 киши диспансердик каттоодо турат, алардын ичинен 48 адам ВИЧ илдеттүү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG