Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Ош: Келдибековдун тарапкерлери ачкачылык кармашууда


Ачкачылык акциясы 11-декабрда эртең менен башталды. Оозун бекиткендердин саны 20 киши. Алар депутат Акматбек Келдибеков үй камагына бошотулмайын акцияларын уланта берише тургандыктарын айтышууда.

- Биздин буга чейинки нааразылык акциябызга бийлик эч кандай жооп бербегендиктен улам биз ушундай ишке барып олтурабыз. Ачкачылык кармагандардын арасында 40 жаштан 80 жашка чейинкилер бар. Келдибековду үй камагына чыгарышсын, чыгарышпаса биз акциябызды токтотпойбуз,-деди Асылкан Мамытова.

Ачкачылык кармагандардын арасында Алай, Кара-Кулжа, Ноокат, Кара-Суу райондорунан келгендер бар. Алар Оштун борбордук аянтында тигилген 3 боз үйдө олтурушат. Бул акцияны “Ата-Журт” партиясынын Оштогу өкүлү Дария Шабданова да тастыктады.

Акматбек Келдибеков коррупциялык иштерге айыпталып, Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына 20-ноябрда камалган. Аны бошотуу талабы менен буга чейин Бишкекте, Ошто жана Алай районунда нааразылык акциялары өткөн. Алайлыктар Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолун жаап, бир топ айдоочулар түйшүккө баткан эле.(ErN).

XS
SM
MD
LG