Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

Адам укуктары жаатында милдеттер аткарылган эмес


Бул тууралуу бүгүн Бишкекте болуп өткөн “Жабык жайлардагы адам укуктарынын сакталышы” деп аталган тегерек үстөлдө айтылды. Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча, 2012-жылы адам укугу жаатында кызматташуу Меморандумуна ылайык кыргыз өкмөтүнө берилген сунуштардын 61,7% аткарылган эмес. Алардын ичинде: Кыргызстандагы адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткаруусуна парламенттин туруктуу көзөмөлүн камсыздоо баш болгон бир катар эл аралык милдеттенмелери аткарылган эмес. Ошондой эле кыйноолор боюнча арыздарды тез аралыкта кароо, кыйноолорго туш болгону тууралуу сот учурунда берилген маалыматтарды прокурордук текшерүү менен камсыздоо, кылмышка шектелип кармалган адамдын өмүрүнүн коопсуздугун сактоо, камак жайларындагы кыйноолордон коргоо кепилдиги таптакыр аткарылган эмес. Ал эми абак жайлардын абалын жакшыртуу, кыйноолордун курмандыктарына юридикалык жардам берүү, аларды көз карандысыз экспертиза менен камсыз кылуу, Ички иштер органдарындагы адам укуктарынын корголушуна жарандык көзөмөл жаатында милдеттенмелер жарым-жартылай ишке ашырылган.

Психикалык жактан жабыркаган жарандар үчүн тиешелүү шарттар түзүлбөгөнү да белгиленип, психиатриялык жайга бир жолу түшкөн адам өмүр бою анда кала берүү коркунучу бар экени айтылган. Ошондой эле маалыматта мындай жайлардагы киши өлүмүн көз карандысыз иликтөө жоктугу жана өлгөндөр тууралуу маалыматтар жашырылаары, психиатриялык жайларда жана балдар интернаттарында кулчулук бар экени да айтылат.(EBM/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG