Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:13

Йеменде барымтадан бошонгон чет элдиктер үйүнө кайтууда


Йеменде жарым жыл барымтада отурган голландиялык жубайлар бүгүн үйүнө жол тартышты. Баш калаа Саанада учакка түшүп жатып Юддит Шпигел менен Дурвинж Берендсен барымтада аларга «абдан жакшы» мамиле жасалгандыгын билдиришти. Аларды ким уурдаганы, же ким бошоткону тууралуу айтылган жок. Шпигел аларды июнда барымтага алууга "ал-Каиданын" тийешеси болгон деген ырастоону четке какты. Ал «бизди уруулар кармап кеткен болчу» деп ырастады. Шпигел ошондой эле аларды бошотуу үчүн акы төлөнгөнүн билбестигин айтты. Йеменде таасирлүү уруулар чет элдиктерди уурдап кетип, аларды борбордук өкмөт менен соодалашууда пайдаланышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG