Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:07

Бажы биримдигине кирүү даярдыгы талкууланды


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын интеграциялык бирикмелерге катышуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Кеңешме жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Бажы биримдигине кошулуу боюнча “жол картасы” Кыргызстан менен макулдашылбай кабыл алынганы билдирди. Оторбаевдин айтымында, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча “жол картасын” Евразия экономикалык комиссиясы кыргыз тарап менен макулдашпай туруп кабыл алып койгон. Сунушталган жол карта Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербейт жана ал ишке кирсе өлкөдө бир топ социалдык проблемаларды жаратышы мүмкүн. Ал эми экономика министри Темир Сариев Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картадан тышкары бир катар маселелер чечилбей жатканын кошумчалады.

Бажы биримдигине учурда Орусия, Беларус жана Казакстан мүчө. Кыргыз бийликтери бул уюмга кирүүгө даярдыгын билдирип, камданууга кошумча убакыт сураган. Бирок коомчулукта Кыргызстан бул уюмга кирсе, баалар көтөрүлүп, Кытайдан алып сатуу менен алектеген миңдеген жарандар жабыр тартат деген пикирлер күч.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG