Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Бүгүн Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү


Залкар жазуучу тирүү болгондо бүгүн 85 жашка чыкмак. Жазуучунун мааракесине карата бардык облуста эскерүү иш-чаралары өтөт. Маданият жана маалымат министрлигинен кабарлашкандай, таң эртеден Бишкекте Айматовдун эстелигине гүлчамбар коюлуп, андан сөөгү жаткан “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде куран окулат. Кечинде Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда жазуучуну эскерүү кечеси өтөт.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган.
Ал совет доорунда эле “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таланттуу жазуучу катары таанылган. Чыңгыз Айтматов мамлекеттик иштерге да жигердүү катышып, СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп кызмат өтөгөн. СССР таркагандан кийин Чыңгыз Айтматов Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси кызматын аркалап келди. Жазуучу 2008-жылы 10-июнда, Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган.

Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь Кыргызстанда улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган.(BkA)

XS
SM
MD
LG