Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

Эстониянын премьер-министри Бишкекке келет


Бүгүн Эстониянын премьер-министри Андрус Ансиптин Кыргызстанга эки күндүк расмий сапары башталат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Сапардын алкагында Ансип кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугуп, эки тараптуу саясий, соода-экономикалык, маданий байланыштарды чыңдоо маселелери боюнча сүйлөшөт.

Кыргызстан менен Эстониянын дипломатиялык мамилеси 1994-жылы башталган. Бирок аталган өлкөнүн өкмөт башчысы Кыргызстанга алгачкы жолу расмий сапар менен келүүдө.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG