Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Өзбекстанда эң көп окулган гезит жабылды


Өзбекстанда көп окулган “Даракчи” гезити жабылды. Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнаранын бизнес өнөктөшүнө таандык гезит салык төлөөдөн качкан деген жүйөө менен ишмердүүлүгүн токтотту. Гезиттин кабарчылары “Азаттыктын” өзбек кызматына билдиришкендей, эс алууга чыгууга мажбур болуп, учурда башка жумуш издей баштады. Гезиттин банктагы эсептери камакка алынды. Басылманын кожоюну медиа-магнат Фирдавс Абдухоликовдун өлкөдөн чыгып кеткени кабарланууда. Учурда анын кайда экени белгисиз.

Фирдавс Абдухоликов президенттин кызы Гүлнара Каримова менен тыгыз мамиледе болгону айтылып жүрөт. Буга чейин Каримовага караштуу бир нече телеканал жана радио жабылган болчу.

XS
SM
MD
LG