Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:10

Украина: оппозиция Януковичтин сунушун четке какты


Украина оппозициясынын лидерлери президент Виктор Януковичтин өлкөдөгү кырдаалды талкуулоо тууралуу сунушун кабыл алган жок. Буга чейин президент бийлик, оппозиция жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан тегерек стол өткөрүүнү сунуштаган. Оппозиция болсо сунушту четке кагып, өкмөттүн отставкасын талап кылууда. Демонстранттардын нааразылык акциясы Киевдин борборунда уланып жатат. Кечээ полициянын атайын даярдыктагы “Беркут” тобу шаар мэриясынын айланасындагы демонстранттарды таратууга аракет кылып, андан майнап чыккан чыккан жок. Бүгүн украин вице-премьери Сергей Арбузовдун Евробиримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Штефан Фүле менен Брюсселде жолугуп, ассоциативдик келишимди кабыл алуу боюнча сүйлөшөрү маалым болду.

Украин бийликтеринин Европа Биримдиги менен келишимге кол коюудан баш тартып, анын ордуна Орусия менен жакындашууну тандаганына каршы демонстрациялардын башталганына үч жумага чукулдап калды. Кечээ украин күч органдары демонстрациялар өтүп жаткан Төбөлсүздүк майданына чабуул коюп, акция катышуучуларын таратууга аракет жасады. Бийликтердин мындай мамилесине тынчсызданган АКШнын Мамлекеттик департаменти украин өкмөтүнө каршы санкцияларды киргизиши мүмкүн экенин эскертти. Мамлекеттик департаменттин маалыматында, мындай вариант Европа өлкөлөрүнүн лидерлери жана Эл аралык каржы фондунун жетекчилиги менен талкууланып жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG