Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Жалал-Абадда пахта терими аяктады


Облус дыйкандары он төрт миң гектар жерден 48 миң тоннага жакын пахтаны кол менен терип алды. Түшүмдүүлүк былтыркыдан гектарына эки центнерден көп болгону менен пахта баасы арзан. Сентябрда анын бир килограммынын баасы 41-42 сом болсо, кайра иштетүүчү заводдор 36-37 сомдон сатып алууда. Жылдык мээнети акталбай, баага нааразы болгон дыйкандар пахта аянтын жылдан жылга кыскартууда. Кайра иштетүүчү заводдор болсо пахта баасы дүйнөлүк базарда коюларын билдирүүдө.(YA)

XS
SM
MD
LG