Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Журналисттерди уурдоону токтотууга чакырык жасалды


Алдыңкы эл аралык ММКлар сириялык козголоңчуларды журналисттерди уурдоону токтотууга чакырды.

Сириядагы курчалчан оппозицияга жазылган кайрылууда Башар Асаддын режими менен күрөшкөн эркин армиянын жана башка куралчан топтордун колунда
30 журналист барымтада экени жазылган.

Катта журналисттерди уурдоо сириялык конфликтти чагылдырууга жолтоо болорун, дүйнө өлкөдө эмне болуп жатканынан кабардар болбой калары айтылат.
Каттын авторлору сириялык козголоңчулардын лидерлеринен барымтадагы журналисттерди бошотуу үчүн чараларды көрүүнү да өтүнүүдө.

Катка кол койгондордун арасында The New York Times, Washington Post, The Guardian гезиттери, The Associated Press агенттиги, Би-Би-Си телерадиокорпорациясы бар. (AiK)

XS
SM
MD
LG