Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

Быйылкы бюджетке өзгөртүү киргизилди


Кыргызстандын 2013-жылга карата республикалык бюджети быйылкы жылдын 1-февралында бекитилген. Бүгүн ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселесин Жогорку Кеңеш карады. Парламенттин жыйынында каржы министри Ольга Лаврова баяндама жасап, бардык көрсөткүчтөр боюнча маалымат берди. Анда республикалык бюджеттин чыгымы мурда бекитилген бюджеттен 9 млрд. сомдон ашык кыскартылганын айтты.

1-февралда бекитилген өлкөнүн бюджетинде 2013-жылга карата чыгым 106 млрд. 243,6 млн. сом деп бекитилген. Өкмөт аны 97 млрд. 8,8 млн. сом деп өзгөртүп берүүнү суранган. Бюджеттин киреше бөлүгү 90 млрд. 59,3 млн. сомду түзүп, дээрлик 745,8 млн. сомго жогорулаган. Ольга Лаврованын айтымында, бюджеттин өзгөрүшүнө макроэкономикалык көрсөткүчтөр таасир тийгизди. Ал эми Кыргызстандын ички дүң продукциясы үстүбүздөгү жылы 351 млрд. сомду түзүп, 3 млрд. сомго кыскарган. Быйылкы бюджетке өзгөртүү, толуктоолорду киргизүүнү парламент жактырды. (КЕ/ZB)

XS
SM
MD
LG