Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:41

Акматбек Келдибековго айыбы угузулду


Баш прокуратуранын маалыматына ылайык, Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибековдун айыбы угузулду. Прокуратура Акматбек Келдибековду Cоциалдык фондду жетектеп турганда “Ротак-Бишкек” деген ишкана аркылуу он үч миллиондук жабдууну 24 миллион сомго сатып алган деп айыптаган. Мындан сырткары Салык кызматында турганда Келдибеков мурдагы баш прокурордун уулу Кубанычбек Конгантиев менен бирге “Бизнес партнер” деген мекеме аркылуу 1 млн. 300 миң сомдон ашуун салыкты кыскартканы аныкталган.

Акматбек Келдибеков 20-ноябрда коррупция, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелеринин негизинде кармалып, УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG