Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

Тбилисиде Евромайданды колдогон акция өттү


Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилинин партиялаштары Киевдеги евроинтеграциянын жактоочуларын колдоп, «украин элинин европалык тандоосу» деген аталышта акция уюштурушту.

"Азаттыктын" Грузиядагы кабарчысы түнү бою Тбилисиде Грузия жана Украинанын желектери менен унаалар жүргөнүн кабарлады. Акция өзү шаршемби түнү башталган.

Бир нече миң катышуучу Тбилисинин борбордук көчөсүнөн Эркиндик аянтына чейин жөө басышты. Тбилисинин мэри Гиги Угулава кайрылуу жасап, грузиялыктар украин элинин европалык тандоосун колдошу керектигин айтты. Бийлик алмашкандан кийин Тбилисинин мэри Саакашвилинин "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясынын бейформал лидери катары белгилүү.

Уюштуруучулар акция мөөнөтсүз экенин жарыялашты (AiK).

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG