Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

Нарымбаев Акунду сотко берди


Президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду сотко берди.

Бул маалыматты Нарымбаевдин жардамчысы Алмаз Айылчиев “Азаттыкка” тастыктады. Сотко берүүгө Акундун “Азия ньюс” гезитине эки жолу берген маеги негиз болгон. “Анда Нарымбаевдин кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирген сөздөр, жалган маалыматтар жазылган. Мындан сырткары бул маалыматтарды жарыялаганы үчүн “Азия-ньюс” гезитин да сотко берди”, - деди Айылчиев.

Нарымбаев моралдык чыгым үчүн Акундан 1 млн, гезиттен 116 миң сом талап кылган.

"Азаттык" Турсунбек Акун менен байланышканда ал муну өзүнө жасалган куугунтук деп сыпаттады. “Батукаевдин иши боюнча мени күнөөлүү кылгандары аз келгенсип, акыр-аягына чейин чөгөлөтөйүн деп жатат”, - деди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG