Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:18

Кылмыштуу топтун 182 мүчөсү камакка алынды


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эки айда эле 73 киши кармалып, камалды.

Кечээ (11-декабрда) Бишкекте өткөн кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча өкмөттүн жыйынында кылмыш дүйнөсүндө абал курч экени айтылган. Коопсуздук маселесин караган премьер-министр Токон Мамытовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Кыргызстанда кылмыштуу топтордун активдүүлүгү күчөп жатканы байкалууда. Айрыкча, бул абак жайларда сезилип жатат.

- Кылмыштуу топтор баш көтөрөбү, башка кылабы Москвага чейин балдарды жөнөтүп жети жылдан бери издөөдө жүргөн, адам өлтүрүү боюнча айыпталган Бактияр Рахимов жана төрт кылмыш менен изделип жаткан Улан Асанбековду кармадык. 2010-2011-жылдары уюшкан кылмыштуулукка катуу күрөш башталганда баары жоопко тартылган. Азыр алар мөөнөттөрү аяктап чыккандан кийин кылмыш дүйнөсүнө кайра аралышып, жанданып атат. Ошого карабай айрым иштерди кайра көтөрүп жатабыз. Кээ бирөөсүнө соттор туура эмес чечим чыгарып койгон. Мисалы “Женго” каймана аты менен жүргөн кылмыш топтун анабашы аттыккан Кадыр Досоновду сот актап чыгарган. Биз Жогорку Сотко чейин кайрылып, кайра издөө жарыяладык ”, - деди Мамбеталиев. (КЕ)

XS
SM
MD
LG