Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

Иран словакиялык парапланеристтерди бошотту


Иран бийликтери тыңчылык боюнча шектелип камалган эки словакиялык парапланеристти бошотту. ИРНА маалымат агенттиги маалымдагандай, Словакиянын эки жараны адардын элчилигине берилди.

Словакиядан келген 8 парапланерист ядролук объектилер жайгашкан Исфахандын жанында сүрөт тарткандыгы үчүн май айында кармалышкан. Иран бийликтери алардан портативдик радиостанцияны табышкан. 6 адам сентябрда коё берилген. Бардык парапланеристтер коюлган күнөөлөрдү мойнуна алышкан эмес. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG