Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

Москва: “Кулагыбызды тешип кетишти...”


Орусия -- Москванын Казан вокзалындагы борборазиялык мигранттар.
Орусия -- Москванын Казан вокзалындагы борборазиялык мигранттар.

Москвада улутчулдардын тобу эки кыргызстандык мигранттын кулактарына отвертка сайып кыйнашканы маалым болду.

Кыргызстандык эки мигрант Москвадагы улутчул топтун кол салуусуна тушукканы он күндөн кийин, 12-декабрда ачыкка чыгып отурат. Алар ушуга чейин укук коргоо органдарына кайрылышкан эмес жана мындан кийин деле кайрылгылары жок.

"Милиция бизди карабайт"

Жабырлануучулардын бири Нурбек Жоошбаев шериги экөө кечкисин жумуштан чыгып баратканда капыстан кол салуу болуп, топураган балдар кулактарын отвертка менен тешип кетишкенин “Азаттыкка” мындайча айтып берди:

- Алар бангизат колдонушса керек, анан бизге асылышты. Биз экөө, алар жетөө болчу. Азыр кулактарыбыз ооруп турат, бирок угабыз. Милицияга кайрылбайбыз, анткени алар бизди карашпайт, бизге кол салгандарга жаза беришпейт.

Кол салуудан жабыркагандардын бири 25 жашта, экинчиси 23 жашта. Экөө тең кулактарынан кан токтобой, баштары айланып баштаганда гана Москвадагы кыргызстандыктардын "Дина К+" деп аталган клиникасына кайрылышкан.

Аталган клиниканын дарыгери Татина Кайыпбердиева эки жигиттин саламаттыгы оор болгонун айтат:

- Кулактары канап, баштары ооруп келишти мага. Ооруканага жаткыла десем көнбөй коюшту. Отвертка менен сайышкан экен, абдан өкүнүчтүү болду, жаш балдар болчу, экөөнүн тең кулактарынын тарсылдактары жарылган, кан көп кетиптир.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Кубаныч Кожоев жабырланган мигранттардан дарыгерлер аркылуу абалын сурап турушканын айтты.

Орусияда быйыл жайдан тарта улутчулдук аракеттер кескин күчөп, бийликтин мигранттарга каршы рейддери улутчулдарга дем бергендей болгон. Орусиянын бир нече шаарларында улутчул жаштар майда базарларда өз рейддерин өткөрүшүп, мигранттарга кордук көрсөткөн видеотасмалар интернетке байма-бай жарыяланып турган.

Кол салууга кабылган мигранттар көбөйдү

"Дина К+" клиникасынын дарыгери Татина Кайыпбердиева соңку учурда улутчулдардан жабыркап кайрылган кыргызстандыктардын саны кескин көбөйгөнүн, алардын эч кимиси милицияга кайрылбай турганын айтат:

- Милиция же элчиликке кайрылып саламаттыгына жумшалган чыгымын төлөтүп алган эч ким жок. Бир жери сынып, же мээси чайкалып кайрылгандар көп. Көбү орустардан токмок жеп келишет. Жакында эле башынан катуу жарат алган кадамжайлык бир мигрант бизге кайрылды. Аны чечинтип, сабап, тоноп кетишиптир. Документтеринин баары жоголгон.

Кайыпбердиеванын айтымында, бир гана "Дина К+" клиникасына ай сайын 10-15тей кыргызстандык мигранттар түрдүү жарат алып кайрылышат, бирок милицияга ишеним жоктугунан арыз жазышпайт.

Орусияда бийликтин мигранттарга болгон катаал мамилесинен кийин метродо же көчөдө болобу, айтор жайбаракат жүргөн мигранттарды да токмоктоп, бычактап кеткен фактылар көбөйдү. Бир жыл ичинде түрдүү себептерден улам Орусияда ажал тапкан 170ке жакын кыргызстандыктын сөөгү келген.

Кыргызстандык эки мигранттын кулагын отвертка менен тешип кеткен окуяга байланыштуу 13-декабрда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бишкекте, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына нааразылык акцияга чыгып, жабыркаган балдарга орус өкмөтүнүн тиешелүү органдары көңүл буруусун талап кылмакчы.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG