Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Нарын: "Санариптик көчмө китепкана" ишке кирди


Бул долбоорду “Ага хан” фондунун Үзгүлтүксүз билим берүү мектеби бир катар эл аралык уюмдар менен биргеликте иштеп чыккан. Маалыматка ылайык, eBilim аттуу китепкана атайын автоунаанын ичинде жайгаштырылган. Анда 2000ге жакын текстик, аудио жана видео санариптик маалыматтар, компьютерлер жана мобилдүү техникалар орнотулган. Мындай көчмө китепкана Нарын облусунун алыскы аймактарына графиктин негизинде каттайт. Аталган долбоор учурда Ак-Талаа жана Нарын райондорунда ишке ашырылууда. Долбоордун уюштуруучулары мындай китепкананы жайкысын жайлоолорду кыдырып, ишке ашыруу пландалып жатканын билдирди.(TSh/BkA)

XS
SM
MD
LG