Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:23

Украина Евробиримдик менен келишимге кол коет


Украинанын биринчи вице-премьер-министри Сергей Арбузов Киев Евробиримдик менен ассоциациялык жана эркин соода жүргүзүү тууралуу келишимге жакында кол коерун билдирди. Бул тууралуу Арбузов Брюсселде Еврокомиссиянын кеңейүү боюнча комиссары Штефан Фүле менен жолугушуудан соң айтып чыкты. Арбузов кошумчалагандай, бул жолугушууда биримдик өкүлү менен аталган келишимдерди аткаруунун жол картасын талкуулашты.

Андан мурун Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон украин президенти Виктор Януковичтин келишимге кол коюу ниети бар экенин билдирген.

Украинада үч аптадан бери бийликтин Европа Биримдиги менен келишимге кол коюудан баш тартып, анын ордуна Орусия менен жакындашууну тандаганына каршы демонстрациялар уланып жатат. Демонстранттар өкмөттүн отставкасын, мөөнөтүнөн мурда президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG