Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Ажылыкка жөө кеткендер кайтып келишти


Кыргызстандан ажылык сапарга жөө кеткен жети адам өткөн аптада кайтып келди. Бирок алар Сауд Арабияга кире алышкан эмес. Бул тууралуу ажылык сапарга кеткендердин биринин аялы Мадина Исакова “Азаттыкка” кабарлады. Буга чейин он киши кеткени, алардын дайыны жок болуп жатканы кабарланган. Исакованын айтымында, он кишинин үчөө жөө баруудан баш тарткандыктан жетөө кетишкен. Татарстандан аларга бир адам кошулуп, 50 күн дааватта жүрүшкөн. Кыргызстандыктар учак менен өткөн аптада кайтып келишти.

Маалыматка ылайык, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан чыккан жети жаран ушул жылдын август айында ажылык сапарга жөө жөнөшкөн. Муфтияттан маалымдашкандай, сапарга жөө аттанууга уруксат берилген эмес, бардык ажылардын учак менен гана баруусу талап кылынган. (КE)

XS
SM
MD
LG