Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

Кыргызстанда жарандыгы жоктордун так саны белгисиз


Бүгүн Бишкекте жарандыгы жана өзү тууралуу документтери жок адамдардын маселелери талкууланууда. Бириккен Улуттар уюмунун качкындар комиссариатынын өкүлү Хуршед Юнусовдун “Азаттыкка” белгилешинче, Кыргызстандагы паспорту жок адамдардын так санын айтуу кыйын.

- Бул маселе чечилбесе алар кылмышка барышы мүмкүн, кулчулук жана башка укугун бузган жагдайларга туш болушу ыктымал. Экинчиден, бир жактан экинчи жакка барганда кыйынчылыктар жаралат, - деди Юнусов.

Кыргызстанда жарандыгы жок адамдар көбүнесе СССРдин паспорту менен жүргөндөр, чек аралаш аймактарда жашап, башка улуттун өкүлдөрү менен үй-бүлө кургандар жана башка өлкөлөрдөн келген документи жок адамдар.

Жайында “Арыш” коомдук уюму, “Адилет” укуктук клиникасы, бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын балдар укугун жана кызыкчылыгын коргоо коому биргелешип, Бишкектеги он бир жаңы конушта жарандыгы жок жашап жаткандарды иликтөөгө алган. Алардын ичинде өмүрүндө бир да жолу өзү тууралуу документке ээ болбогон, эч жерде катталбаган жарандар бар экени аныкталган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG