Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Караколдо Саруудагы “өзгөчө кырдаалга” каршы митинг өтүүдө


Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарынын 50 чакты тургуну Саруудагы “өзгөчө кырдаалга” каршы митингге чыгышты. Алар Сарууда жолду тосуп, текшерип өткөрүүгө каршы болушууда.

Жети-Өгүздүн Саруу айылында бир-эки айдан бери митингге чыгып жаткандар 10-декабрда айылга “өзгөчө кырдаал” киргизишкен. Анын негизинде айылга кирип-чыгуучу жерлерге атайын тозоттор орнотулуп, кечки 10дон таңкы 7ге чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынган. Бул күч кызматтарынын аларды кармап кетүү аракеттерине каршылык иретинде жасалган кадам экенин “Азаттыкка” саруулуктардын лидери Замир Меңдибаев маалымдаган болчу. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы бул көрүнүштү мыйзамсыз деп атаган. Баш мыйзамга ылайык, өлкөдө өзгөчө кырдаалды президент гана киргизе алат.

Бүгүн буга каршы митингге чыккандар саруулуктардын өз алдынча болгонуна, “Жерүй” жана башка кендерге каршы чыгышпаганына нааразы болушууда. Алар бул көрүнүштү чече албаган Жогорку Кеңеш тарасын деп талап кылып жатышат. Митингге чыккандарды учурда администрация жетекчилиги кабыл алганы жатат. (КЕ/МК)

XS
SM
MD
LG