Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

Жалал-Абад жаңы жылга камданууда


Облбийлик алдындагы Эркиндик аянтына бийиктиги 18 метр болгон жасалгалуу балаты орнотулду. Балатылар Жалал-Абаддын Спутник кичи шаарчасына жана облустук Барпы театрына да коюлат. Балаты майрамына шаар мектептеринде мыкты окуган окуучулар менен турмушу начар үй-бүлөлөрдөн чыккан, майып жана жетим 500дөй бала чакырылат. Алардын ар биринин колуна 250 сомдук белек-бечкектер берилет. Жаңы жыл даярдыгына жергиликтүү казынадан 800 миң сом каралганын мэриядан билдиришти.(YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG