Линктер

шаршемби, 26-апрель, 2017 Бишкек убактысы 12:10

Жалал-Абад: бийлик басып алуу иши боюнча сот кеңешүүгө кетти


Жалал-Абад. Сот залы. 13-декабрь, 2013-жыл

Бүгүн Жалал-Абад облустук соту бийликти басып алууга аракет кылды деп айыпталып, жаза чектелген жергиликтүү тургундар Шайырбек Ташиев, Медер Үсөнов, Жеңишбек Токторбаев менен Абсатар Сыргабаевдин доо арызын кароодо. Мамлекеттик айыптоочу Кылмыш-жаза кодексинин 297-295-беренелерине ылайык жаза колдонууну сурап жатат. Соттолуучулар күнөөлөрү жок экенин, алар 31-майда “атажуртчу” депутаттарды камактан бошотуу талабы менен гана чыгышканын, бийликти басып алуу пландалбаганын билдиришүүдө. Сот кеңешүүгө чыгып кетти.

Аталган жарандарды Жалал-Абад шаардык соту 6-ноябрдагы өкүмү менен төрт жылдан алты жылга чейин шарттуу кескен. Буга Жогорку Кеңештин үч депутатынын (К. Ташиев, С.Жапаров, Т. Мамытовдун) баш коргоо чарасын өзгөртүү талабын койгон 31-майдагы нааразылык акцияларынын учурундагы окуялар негиз берген. (YA/КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG