Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Украин оппозициясы президент менен сүйлөшүүгө көндү


Украин оппозициясынын лидерлери президент Виктор Янукович менен жолугушууга макул болушту. Парламенттеги “Батьковщина” фракциясынын лидери Арсений Яценюк Киведеги Эгемендик аянтына чогулган демонстранттарга кайрылып, президентке алардын талаптарын жеткирээрине сөз берди. Жолугушууга ошондой эле УДАР партиясынын жетекчиси Виталий Кличко жана улутчул партиянын төрагасы Олег Тягнибок катышмакчы.

Буга чейин Янукович мурдагы президент Леонид Кравчук уюштуруп жаткан тегерек үстөлгө бараарын тастыктаган. Тараптар Украин өкмөтү Евробиримдик менен Ассоциация келишимине кол коюдан баш тарткандан кийин түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жолдорун талкуулашмакчы.

Евроинтеграциянын жактоочулары дээрлик үч жумадан бери демонстрацияларды өткөрүп, президенттин жана өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышууда.
Кечээ вице-премьер-министр Сергей Арбузов Брюсселде Евробримдиктин расмий өкүлдөрү менен жолугушууда Украина жакыңкы аралыкта келишимге кол коет деп ишендирди, бирок так датаны атаган жок.

XS
SM
MD
LG