Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

Аба ырайы


Шашылыш билдирүү

Каркол-Эңилчек жолунун 45-90 чакырым аралыгында кар көчкү түшүүсү ыктымал. 15-17-декабрда тоолуу райондордо, Бишкек-Ош (121-137, 198-265 чакырымдар), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайку (45-90, 145-150 чакырымы), Каракол-Эңилчек (45-90 чакырымы), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100 чакырым арасы) унаа жолдорунда кар көчкүсү жана түрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Аталган опурталдуу жолдордо унаалардын арасында 500 метр аралыкты сактоо зарыл.

Аба ырайы

15-декабрда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар түшөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9метрден айрым жерлерде 14 метрге жетет.

Абанын температурасы.

Чүй облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүзү 7...12 градус жылуу болот. Таласта түнкүсүн -5...-5 градус, күндүзү 6...11 градус. Баткенде түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн -1...+4, күндүзү 8...13 градус жылыйт. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6..-1, чыгышында -9..-4, күндүзү 2...7 градус жылуу болот. Нарында түнкүсүн -17...-12, күндүзү -6...-1 градуска чейин төмөндөйт. Тоолордо түнкүсүн -27...-22, күндүзү -14...-9 суук болот.

15-декабрда Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1 градус, күндүз 8...10 градус болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG