Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

Киевде башкаруучу партиянын митинги өтөт


Киевдин Европа аянтында башкаруучу "Региондор" партиясынын митинги өтөт. ИТАР-ТАСС агенттиги билдиргендей, митинг өтө турган жерге полиция күчтөрү тартылды. Донецк, Луганск жана Днепропетровск облустарынан миңдеген адамдар митингге катышууга келишти. Уюштуруучулар акция эки күнгө же андан дагы көпкө созулушу мүмкүн дешет.

Киевдин Көз карандысыздык аянтында болсо оппозициянын нааразылык митинги уланууда. Митингчилер Киев мэриясынын алдына дагы эки чатыр тигишти. Оппозиция Украинанын Москва башында турган Бажы биримдигине кирүүсүнө каршылык билдирүү үчүн жарандарды жекшембиде Майданга чыгууга чакырууда.
Кечээ Украинанын юстиция министри Елена Лукаш 30-ноябрда адамдарды күч колдонуп, аянттан кууп таратканы үчүн үч жогорку кызматкерге айып тагылаарын билдирди.

Украин жетекчилиги Евробиримдик менен ассоциация түзүүгө макул болбой койгондон кийин өлкөнүн Киев баштаган бир катар шаарларында 21-ноябрдан массалык нааразылыктар уланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG