Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Бишкекте эл аралык кинофестивал аяктоодо


Бишкекте өтүп жаткан кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы бүгүн жыйынтыкталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фестивалдын уюштуруучуларынын бири Чолпон Идирисова билдирди. Быйыл үчүнчү жолу уюштурулуп жаткан маданий иш-чара 12-декабрда башталган. Ал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык маарекесине арналууда.

Сынакка 200 режиссердун эмгеги сунушталып, 23ү тандап алынган. Анын он үчү эл аралык, ону улуттук тасмалар багытында. Эл аралык багытка кыргызстандык Наргиза Маматкулованын “Зефир” фильми да кирген.

Фестивалдын алкагында Орусия, Украина, Беларус, Молдова, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Азербайжан жана башка мамлекеттердин кинолору көрсөтүлүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG