Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:43

Ачкачылык жарыялагандардан эки аял дарыгерге кайрылды


Депутат Акматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылып ачкачылык жарыялагандардын арасынан ахыбалы начарлаган эки аялга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Алардын абалы дурус болуп калганын “Азаттыкка” “Ата Журт” партиясынын Оштогу координатору Дарыя Шабданова билдирди.

Дагы он бештей аял акцияны улантууда. Нааразылык акциясынын катышуучулары менен бүгүн депутат Жылдызкан Жолдошева барып жолугары кабарланды.

Келдибековдун тарапкерлери ачкачылыкты 11-декабрда башташкан. Алар Ош шаарынын борбордук аянтына тигилген үч боз үйдө отурушат. Ачкачылык кармагандардын арасында Алай, Кара-Кулжа, Ноокат, Кара-Суу райондорунан келгендер бар.

Парламенттеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков коррупциялык иштерге айыпталып, УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Аны бошотуу талабы менен буга чейин Бишкекте, Ошто жана Алай районунда нааразылык акциялары өткөн. (ErN\SE)

XS
SM
MD
LG