Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

“Азаттыктын” кабарчысы “Супер ТВ персона” наамын алды


“Азаттык+” жаштар телеберүүсүнүн алып баруучусу Элиза Кененбева “Жылдын супер ТВ персонасы” наамын алды. Сынакты super.kg сайты уюштурган. Быйыл бул номинацияга өлкөнүн түрдүү телеканалдарында иштеп жаткан он адам талапкер катары көрсөтүлгөн.

Сынактын жыйынтыгы 14-декабрда Бишкектеги Улуттук филармонияда жарыяланды. Буга чейин бул наамды эки жолу “Азаттыктын” кабарчысы Жанар Акаев алган.

“Жылдын суперлерин аныктоо” өнөктүгү 2005-жылдан бери Кыргызстандагы эң көп нускалуу “Супер инфо” гезити тарабынан уюштурулат. Сыйлыкты алууга маданият жана спорт тармагындагы белгилүү кишилер гезит тарабынан талапкер катары көрсөтүлөт.

Жеңүүчүлөр интернет аркылуу угармандар берген добуштун негизинде аныкталат. (SE)

XS
SM
MD
LG