Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Кыргыз укук коргоочулары Януковичке кайрылды


Кыргызстандагы Укук коргоочулардын кеңеши Украина президенти Виктор Януковичке кайрылып, Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин катасын кайталабоого чакырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн аталган кеңештин мүчөсү Азиза Абдирасулова билдирди.

Кайрылууда укук коргоочулар демократиялык баалуулуктарды сактоо зарылдыгын белгилеп, Киевдеги аянтка чыккан миңдеген украиналыктарга тилектеш экендиктерин айткан. Аларга карата күч колдонбоону Януковичтен суранышкан. Өз элине каршы чыгуу ката иш экенин Акаев менен Бакиевдин мисалында көрсөтүшкөн.

Укук коргоочулар кеңеши 2010-жылы түзүлгөн. Ага сегиз укук коргоочу мүчө.

Украинада элдик толкундоолор өткөн айдан бери уланып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG